Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

БШК үгүт эрежелерин сактоого чакырат


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы айрым гезит, каналдарда кайсы бир талапкер тууралуу үгүт материалдары кетип жатканы боюнча билдирүү таркатып, үгүт иштери 25-сентябрда гана башталарын дагы бир жолу эскертти.

БШКнын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн бир катар гезиттерде айрым талапкерлердин башка өлкөлөрдүн саясатчылары менен түшкөн сүрөттөрү, билдирүүлөрү басылып чыкканын айтып, мындай жагдай улана берсе, мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн кабарлады:

“Мыйзамга ылайык, БШК үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин көзөмөлдөөгө жана талапкерлер же массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүт иштери бузулса, аларга биринчи эскертүү берип, бир нече эскертүүлөрдөн кийин массалык маалымат каражатынын аккредитациясын чакыртып алууга жана талапкердин каттоосун токтотууга акылуу”,-деди Стамалиева.

Буга чейин Боршайкомдо үгүт иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлүп, үгүттү эртелеп баштаган айрым маалымат каражаттарына эскертүү берген.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого үгүт иштери 25-сентябрда башталат. Шайлоо өнөктүгүндө үгүт иштерин чагылдыруу үчүн жалпысынан 143 массалык маалымат каражаты каттоодон өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG