Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Ажы башчыларды тандоо башталды


Ажы башчыларды тандоо ажылык сапарды таза уюштуруунун аргасы экени айтылууда.
Ажы башчыларды тандоо ажылык сапарды таза уюштуруунун аргасы экени айтылууда.

Муфтият алдындагы “Ажылык жана умра” борбору 21-августта атайын сынак аркылуу ажы башчыларды тандоону баштады.

Диний башкармалык бул аракет ажылыкты таза өткөрүүнүн аргасы экендигин айтып жатат. Ал аралыкта жогорку жетекчилерди ортого салып, ажылыкты уюштуруу ишиндеги талаптарды кыйгап өтүүнү каалагандар да чыгууда. Былтыркы жылы да ажылыктан миллиондогон долларларды кымырып алгандар болгондугу айтылган.

Ажылык-бизнес эмес, жоопкерчилик

Быйыл кыргызстандыктарды болжол менен 45-50 ажы башчы Мекеге зыяратка алып барышы керек. Бул үчүн ажы башчы болуу ниетин билдирип, 189 адам арыз берген.

Ажы башчылыкка талапкер, мурда да бир нече ирет ажы башчы болгон Нурлан Масылбаев ажылыкты каражат табуунун булагы деп эсептегендер бар деген ойдо.

- Адамдар ойлоп калган да ажы башчы болсок эле акча табабыз деп. Талапкерлердин арасында бизнес жолуна өтөбүз дегендер да болушу мүмкүн. Бирок ажы башчы болом деген адам эң биринчи жоопкерчиликтүү болуш керек. Таза момун мусулман болуш керек.

“Ажылык жана умра” борборуна арыз берген 189 адамдын ичинен ичинен сынакка 154 адам катышып, отузу катышуудан такыр эле баш тарткан. Калганы жүйөлүү себептер менен келе алган эмес. Муфтий, “Ажылык жана умра борборунун” деректири Чубак ажы Жалилов сынак тууралуу буларды кабарлады.

- Биринчи талапкерлер тесттен өтүүсү керек болду. Анда кырк суроо берилген. Андан сырткары, аңгемелешүү да болду. Биз алардын араб тилин жана кыргыз тилин кандай билээрин карап жатабыз. Ошондой эле ибадаттар туура аткарылышы үчүн ажылыктагы эрежелерди, дин маданиятын кандай биле турганын текшерип жатабыз. Талапкерлердин мындан сырткары мамлекеттик мыйзамдарды бузуп, кылмыш кылбагандыгы жана соттолбогондугу да каралууда.

Эрежелерди эске албагандар бар

Ажы башчыларды сынактан өткөрүү иши Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Мурда ажы башчылар кандай негизде лицензия алып келгендиги белгисиз болуп келген. Ошондон уламбы ажы башчылардын арасында Мекеге зыяратка баруудагы диний эрежелерди билбегендери да болгон. Анткен менен бул жылы деле атайын эрежелерди, катаал чараларды кыйгап өтүүнү каалагандар бар экен. Айрым мамлекеттик жетекчилерди ортого салып, же акча сунуштап ажы башчы болууга аракеттенгендер болгондугу айтылууда. Муфтий Чубак ажы Жалилов андайларга катуу чаралар көрүлөөрүн айтат:

- Көптөгөн чоңдор, байлар, башкалар ортого түшүүсү мүмкүн. Эгер кимдир бирөө ажылардын паспортун берип коюңуз деп суранып же коркута турган болсо, ошол ажы башчылары ажылык уруксатынан ажырайт.

Өткөндөн сабак алабызбы?

Кыргызстандын тарыхында ажылыкты уюштуруу ишиндеги эң чулгандуу окуя катары өткөн жылдагы ажылык зыяраты айтылууда. Ал ажылык сапарды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган. Андагы коррупциялык иштерди парламенттик комиссия иликтеп, Улуттук коопсуздук комитети бир нече кылмыш ишин козгогонуна карабай күнөөлүүлөр толук аныктала элек. Ошондон кийин депутаттар ажылык бул диний жөрөлгө экендигин негиз кармашып, мыйзам аркылуу аны муфтиятка толук өткөрүп берген.

Анткен менен мындай чоң вазийпаны муфтият аткара албайт, ажылыктын айланасында корупциялык иштерге каршы тура албайт деген ойлор да болууда.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров мусулмандар диний башкармалыгынын мойнунда чоң милдет тургандыгын белгиледи.

- Ажылык былтыр революциядан кийин көптөгөн башаламандыктар болуп турган мезгилде болду. Ошондо чынында көптөгөн туура эмес иштер болгон, моюнга алыш керек. Ошондуктан ажылыкты Жогорку Кеңеш президенттин каршылыгына карабай Мусулмандар дин башкармалыгына өткөрүп бердик.

Айта кетсек, жакында муфтияттын алдында “Ажылык жана умра” борбору түзүлгөн. Быйыл ажылык сапарды толугу менен ушул борбор уюштурмакчы. Анын катарында Жогорку Кеңештеги ар бир фракциядан бирден депутат, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана муфтияттын кызматкерлери бар.
XS
SM
MD
LG