Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Ажылык сапарды парламент көзөмөлдөйт


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, депутат Каныбек Осмоналиев ажылыкты уюштуруудагы алешемдиктер тууралуу кеп салды.

- Ажылык сапарды уюштуруу иштерин муфтият таза өткөрөт деп ишенүүгө болобу?

- Бул абдан маанилүү маселе. Биз былтыр ачкөз чиновниктердин айынан ошол ажылыкты уюштурууда бүтүн дүйнөгө шерменде болдук. Алардын айынан ажылыкка барчу мусулмандар гана эмес, жалпы мамлекетибиздин беделине доо кетти.

Ошондуктан парламенттеги үч депутат: мен, Акылбек Жапаров жана Турсунбай Бакир уулу мыйзам жазып, "ажылыкты уюштуруу мусулмандар дин башкармалыгынын гана иши" деген жаңы мыйзам долбоорун киргизгенбиз.

Бул мыйзамга президент кол койбой, кайра артка кайтарган. Биз көшөрүп, кайра кайталап, парламенттин колдоосу менен өткөрүп жатып, мыйзамды күчүнө киргизип алдык. Эми биз муфтиятка ишенип атабыз, алар да өздөрүнүн ажылык сапарды уюштуруу жоопкерчилигин Кудайдын, мыйзамдын, жалпы эле элдин алдында так аткарат деп.

- Өткөн жылкы ажылык сапарды уюштуруудагы чуулганды парламенттик комиссия иликтеп, бир катар бүтүмдөрдү чыгарып, мамлекет башчыга сунуштарды берген. Анын ичинде президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев менен анын уулунун аракеттерине да баа берилип, аларды тиешелүү деңгээлде жоопкерчиликке тартуу сунушу бар эле. Бул сунуштун тагдыры кандай болуп жатат?

- Жогорку Кеңеш жакында ажылык сапар тууралуу кабыл алган токтому акыркы жыйырма жыл ичинде чечкиндүүлүк менен кабыл алынган чоң деңгээлдеги токтом болду. Ошентсе да баарына ынсап берсин деп отурабыз. Президентке да ынсап берсин, өзүнүн Баш мыйзам кепили экенин эстеп, ушундай коррупциялык иштерге чоң чекит коюп, кайра кайталангыс кылууга аракет кылышы керек.

Айыпталып жаткан чоң чиновниктер да муну түшүнүп, мойнуна алууга мезгил жетти. Бул жерде бирөөнү жазалап, ашкерелөө эмес. Бул башкаларга да чоң сабак болушу керек.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш негизги функциясын аткарды деп ойлойм. Бирок эң чоң милдет, озуйпа алдыда турат: ажылык сапарды ачык, таза өткөрүүнү салтка айлантуу. Муну да Жогорку Кеңеш өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керек деп эсептейм.

- Өткөн жылы кыргызстандык мусулмандарга ажылык сапарга берилген визалар башка өлкөлөрдүн жарандарынан табылып, ажылыкка аттанган 500гө чукул кыргызстандык мусулман бара албай калган эле. Бул жылы мындай калпыстыктарга жол берилбесине парламент көзөмөл кыла алабы?

- Албетте көзөмөл кыла алат, буга толук мүмкүнчүлүк бар. Биринчиден, бардык уюштуруу иштери ачык-айрым жүргүзүлсүн деп талап кылып атабыз.

Экинчиден, ажылыкка баруучу 4500 кишинин акчалары банкка коюлуп, бардык акча операциялары банк аркылуу жүрсүн деп талап кылуудабыз. Ошондой эле квотаны бөлүштүрүү журналисттердин катышуусу менен жүргүзүлүп, виза жасоо интернет же маалымат каражаттарына жарыялоо менен ишке ашырылсын деп талап койгонбуз. Мына ушул озуйпалардын ишке ашуусун эле көзөмөлдөп алсак, коррупцияга жол берилбейт.

- Сауд Арапстандагы элчилик ажылыкка берилген визанын саны менен Кыргызстанда ага ээ болуп, ажылык сапарга аттанган мусулмандардын санында айырмачылык болуп жатканын билдирди эле. Мына ушул дагы кайталанбасы, баары мыйзам чегинде болушу үчүн кандай аракеттер көрүлөт?

- Ооба, бул маселеде Тышкы иштер министрлигинин да тиешеси бар. Алар бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте Арапстандын башкы консулдугун ачууга аракет жасабаганы таңдандырат. Себеби ажылык сапардан акча жасоого келгенде баары бир, кыныгын алып алышкан.

Эмне үчүн ажылыкты уюштурууда ал жактан тааныш консулдарын чакырышат? Аларды чакырып отурбай, бул жерде эле алардын консулдугун ачуу менен ачык-айрым иш жүргүзсө эмнеге болбосун, болот.

Бул иш быйыл да аткарылбай, кийинкиге жылдырылып кетти, бул атайын жасалып жатат деп ойлойм. Дагы бир нерсе: Сауд Арапстандагы биздин элчиликтин милдетин да карап чыгуу керек. Булардын баарын элдин алдына алып чыгып, катуу көзөмөл жасасак, ажылыкты уюштурууда коррупция биротоло жок болбосо да, бир аз азаят эле деген ишеним бар.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG