Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Парламент: Ажылык боюнча Каптагаевдин жоопкерчилиги каралсын


Кыргызстанда былтыркы ажылык сапарды уюштуруудан чыккан чуулгандуу иштер дале аягына чыга элек.
Кыргызстанда былтыркы ажылык сапарды уюштуруудан чыккан чуулгандуу иштер дале аягына чыга элек.

Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы ажылык сапарды уюштурууга президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаев катышкан деп аныктады жана анын саясий, укуктук жана моралдык жоопкерчилигин кароо керек деген токтом чыгарды.

Былтыркы ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык иштер болгондугу көп ирет жазылды. “Азаттык” үналгысы жыл башында бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, ажылык жолдомолорду чет элдиктерге сатуу, учак компаниялары арасындагы тендердеги коррупция ж.б. уюштуруу иштеринен бери дегенде 5 миллион доллар каражат белгисиз жоголгонун аныктаган.

Кылмыш ишинде саясий боёк барбы?

Бул иш боюнча козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети өзүнө алып, тергөө бүткөн соң Биринчи май райондук сотуна тапшырган. Биринчи май райондук соту болсо ишти карап чыгып, “тергөө чийки болуп калган” деген негизде кайра тергөөгө жөнөтүп салган. Ошентип он айдан ашык созулуп кеткен бул кылмыш ишинде башкы айыпталуучу катары өтүп аткан Дин иштери комиссиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Канат Мурзахалиловго коюлган айыптар далилденбей, ал сот процессин жасалма түрдө созо бербей бүтүрүүнү талап кылып, Бишкек шаардык сотуна арыз жазды.

Канат Мурзахалилов
Парламентте бул чуулгандуу иш боюнча Бактыбек Калмаматов жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, депутаттар да ири иликтөө иштерин жүргүзгөн соң корутунду документ даярдашкан. Депутаттык комиссиянын чечимин парламент толук түрдө колдоп берген. Эми ошол токтомго 36 алты адамды коштотуп алып Малайзия, Индонезияга барып келгенден кийин төрага Акматбек Келдибеков кол койду.

Токтомго ылайык, президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевдин ажылык сапарга байланыштуу укуктук, саясий, моралдык жоопкерчилиги каралуусу, ага карата чара көрүү керектиги белгиленген. Ошондой эле Каптагаевдин Тышкы иштер министрлигинде иштеген уулу Кубанычбек Каптагаевге байланыштуу маалыматтарды териштирүү, тергөө иштерин баштоо боюнча Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук комитетине тапшырма берилген. Ошондой эле былтыркы ажылык сапарды уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссияны жетектеген Амангелди Муралиев менен Дин иштери комиссиясынын мурдагы төрагасы Болот Абдрахмановдун жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөөнү баштоо тапшырылган.

Андан тышкары парламент ажылык сапарды уюштурууга тиешеси болгон мамлекеттик мекемелердин, өзгөчө Дин иштери комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Чек ара кызматынын иштерин “начар” деп баалады. Ал эми токтомго ылайык, ажылык сапарды уюштуруу боюнча башкы айыпкер катары өтүп аткан Дин иштери комиссиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Канат Мурзахалиловго карата козголгон кылмыш иши негизсиз деп табылып, “ага карата козголгон кылмыш иште саясий боёк бар” деп табылды.

Бакыт Калмаматов
Депутаттык комиссиянын төрагасы Бактыбек Калмаматов да “Азаттыкка” берген маегинде, Канат Мурзахалилов бул жерде саясий курмандыкка чабылып кеткенин, башкы коррупциянын изи президенттик аппаратка алып барып атканын айткан:

- Мына сотко барган иште дагы мамлекетке тиешелүү делген конкреттүү чиновниктерден бир гана адам соттолуп атат. Бул эмне? Бул туруш-турпаты менен бир адамды садага чабуу деген сөз. Бир адамды курмандыкка берип коюп, калганыбыз жыргап-куунап көчөдө таза кала беребиз дегенди түшүндүрөт. Жөн эле логикага таянып ойлонуп көрөлүчү. Кантип Мурзахалилов өзү жалгыз 5000 визаны таркатып, өзү жалгыз сатып, каалаганын жасай берсин? Кантип?.. Кыла алмак, эгерде ал жетекчиси Болот Абдырахмановдун ордунда болгондо. Себеби анда жетекчилик мүмкүнчүлүгү болмок. Ал эми Мурзахалилов ал маалда жетекчи да болбой атпайбы. Саясий курмандык кылып садага чаап туруп, бир адамды каматып жиберип, калганыбыз эшикте жүрө беребиз деп атышат. Мына жакында 2 айдан кийин дагы ажы сапары келет, аны да ушундай уюштурабыз деп отурушат.

Ата-бала Каптагаевдер айыптоолорго макул эмес

Ошентсе да ата-бала Каптагаевдер аларга тагылып аткан айыптарды карандай жалаа катары баалап келатышат. Ал тургай Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин кызматкери, дал ошол Сауд Аравиясы менен иштешкен адис Кубанычбек Каптагаев аны айыптаган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргызстан мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдиновду сотко берген.

Буга чейин президенттин аппаратынын жетекчиси Эмил Каптагаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ажылык сапарды уюштурууда негизги кемчилик аткаруучу чиновниктер тарабынан кеткенин билдирген:

Эмилбек Каптагаев

- Бул жолу кемчиликсиз өткөрүүгө толук шарт бар болгон. Толук негиздер түзүлгөн. Бирок уюштурууга катышып, ошого жоопкер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аныктаган, мамлекеттик мекелелер аралык комиссия аныктаган адамдардын кемчилиги бул. Ошол аткаруучулардын чала иштегени же болбосо атайын өздөрүнүн пайдасына иштегенинин негизинде чыгып атат кемчиликтер. Болбосо, бекиген жобо боюнча эч бир кемчилиги жок өткөрүүгө толук шарттар бар болчу.

Ошентип Жогорку Кеңеш былтыркы ажылык сапарды уюштуруудагы коррупциялык иштер боюнча башкы жоопкерчиликти Эмилбек Каптагаевге такты. Эми ага жана ысымы айтылган мурдагы чиновниктерге карата укуктук баа берилиши үчүн тергөө органдары кылмыш ишин козгошу керек. Ал эми саясий жана моралдык жоопкерчиликти президент аныктап,Каптагаевди кызматтан алуу же албоо маселесин чечмекчи.

XS
SM
MD
LG