Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Бул иш боюнча өтүп жаткан соттук териштирүүдө апрель окуясы боюнча күбө катары өтүп жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын жана милиция кызматкерлери көрсөтмө берип жатышат. Кечээки сот жараянында алардын айрымдары 7-апрелде Ак үйдүн алдына келгендердин колунда күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр жана курал-жарак болгонун айтышты. Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Асылбек Бостонкулов 7-апрель күнү Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылгандарга каршы ок чыгарууга инструкция жол берет болчу деп билдирди. Күбө өтүп жаткандардын көпчүлүгү 7-апрель күнү Өкмөт үйүн курчаган адамдар күч кызматкерлерин сыртка чыгарбай камоого алып өрт чыгарышканын, сыртка эптеп качып чыккандарын ур-тепкиге алышканын айтышты.

7-апрель окуясы боюнча сот бүгүн да уланат. Апрель окуясы боюнча 28 кишиге айып тагылган. Алардын башында мурунку президент Курманбек Бакиев, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункулов, мурунку коргоо министри Бактыбек Калыев, президенттин күч кызматтары боюнча координатору Элмурза Сатыбалдиев жана секретариаттын башчысы Оксана Малеваная бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG