Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Бардык мектептер жаңы окуу жылына даяр


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева билдирди. Анын айтымында, жакында министрликтин алдында түзүлгөн атайын байкоо комиссиясы өлкөдөгү мектептердин абалы жана оңдоп түзөө иштери менен таанышып чыкты. Натыйжада, Кыргызстандагы дээрлик бардык мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр экенин такталды.

Маалыматка ылайык, бул жылы өкмөт мектептердеги оңдоп түзөө иштерине 100 миллион сом бөлгөн.

Кыргызстанда жалпы 2197 мектеп бар. Быйыл 93 миң өспүрүм биринчи класска барат. Өлкөдөгү мектеп окуучуларынын саны 1 миллиондун тегерегинде. (KKs)

XS
SM
MD
LG