Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Шаар мэрлерин шайлоо 27-августта өтөт


Кыргызстандын 17 шаарындагы бош калган мэрлик кызматтар үчүн шайлоо 27-августта өтөт. Шайлоолор Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок, Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак шаарларында болот. БШК бул шаарлардын башчылыгы үчүн талапкер жылдырылып бүткөнүн билдирди.

Мыйзамга ылайык, мэрлер шаардык кеңеш депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Мэрликке талапкерлерди жылдыруу укугу жергиликтүү кеңеш жана өкмөт башчыда болот.

Эгер шайлоолорго жергиликтүү кенеш депутаттарынын үчтөн экиден азыраагы гана катышса, шайлоо жыйынтыгы күчкө ээ болбойт. ( EK)

XS
SM
MD
LG