Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Ош: Өзбек мектептеринде кыргыз класстары ачылууда


Чолпон мектебиндеги кыргыз класска кирген өзбек улутундагы балдар.
Чолпон мектебиндеги кыргыз класска кирген өзбек улутундагы балдар.

Ош облусундагы өзбек тилдүү мектептерде кыргыз класстарын ачуу демилгеси өзбек тектүү ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн. Алар балдары мамлекеттик тилди билсе келечекте өлкөнүн коомдук-маданий турмушуна кененирээк аралаша алаарына ишенишет.

Бул жагдай аймактагы эки элдин ынтымагын чыңдоого да салым кошоору айтылууда.


Балдарын кыргызча окутууну каалагандар көп


Кара-Суу районундагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн Чолпон мектебинде кыргыз классы ачылаары менен 35 бала кабыл алынды. Алар бир айдан бери кыргыз тилинде сабак өтүшүп, мектепке даярдоо программасын толук аяктап калды.

Мектеп директору Махира Абдукаримованын айтымында, жаңы класс атайын ата-энелердин өтүнүчү менен ачылган:

- Көп сандагы ата-энелер балдарын кыргыз класска окутууну каалап жатышат. Азыр ачылаары менен эле 35 бала болуп кетти. Класска батпай калгандары балдарын бизден башка кыргыз мектептерине берип жатат. Ата-энелер балдарыбыз кыргызча билсе, улуттар аралык достук, ынтымак болот деп атышат.

Директордун белгилешинче, жаңы ачылган класста эле эмес, эми башка класстарда да балдарды мамлекеттик тилге үйрөтүү жакшылап жүргүзүлмөкчү. Ал үчүн мугалимдер өздөрү да жыл башынан бери кыргыз тили боюнча сабактардан өтүштү:

Өзбек тилдүү Чолпон мектебиндеги кыргыз тили каанасы
- Былтыркы тополоң дагы ушу кыргыз тилин билбегендигибизден чыктыбы деген ой кетет. Негизи балдардын баары мамлекеттик тилди суудай билиши керек. Ошондо балдардын ортосунда, эки элдин арасында ажырым болбойт. Бири-бирин түшүнөт. Ошол себептен биз бардык сабактарды кыргыз тилинде өтүүгө аракет кылып атабыз. Жумасына 2-3 жолу өткөн кыргыз тил сабагында алар үйрөнө алышпайт экен. Балдарга үйрөтүш үчүн кыргыз тил мугалимибиз калган мугалимдерди жыл башынан бери окутуп жатат.


Ата-энелер: Мажбурлаган эч ким жок

Ал эми ата-энелердин бири Мавлюда Хакимова балдары мамлекеттик тилди билсе өлкөнүн коомдук-маданий турмушуна кененирээк аралашып, жогорку окуу жайларда окууга чоң мүмкүнчүлүгү болоорун айтат. Ал дагы кызын быйыл кыргыз классына тапшырган экен:

Кыргыз классына кирген өзбек улутундагы балдар

- Өзбек тилиндеги мектептерде кыргыз класстарынын ачылышы мажбур түрдө болуп жаткан жок. Ата-энелердин өздөрүнүн демилгеси менен болуп жатат. Себеп - жогорку билим алыш үчүн, кийин бир жерлерде иштеш үчүн балдарыбыз мамлекеттик тилди сөзсүз билиши керек экен.

Кара-Суу районунда окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн 27 мектеп болсо, алардын 20сында кыргыз класстары ачылды. Кийинки жылдардан класстардын саны дагы да көбөйүшү мүмкүн.


Китеп жагын кантебиз?


Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Рахман Назаров мамлекеттик тилди үйрөнүү менен балдар өлкөнү сүйүүгө да үйрөнөт деген ойдо:

- Эгерде биз биринчи класстан баштап өзбекби, оруспу, кыргызбы балдардын баарына кыргыз тилин, кыргыз маданиятын, тарыхын сиңирип, үйрөтүп турсак 10 жылдан кийин алар кыргыз элинин, Кыргызстандын патриоту болуп чыга келет деп ишенем. Биз ушул багытта керектүү иштерди алып барып жатабыз.

Бирок өзбек тилдүү мектептердеги кыргыз класстары үчүн окуу куралдары жана китептер жетишсиз. Азырынча окуучулар болгон китептер менен гана сабак өтүп туршмакчы:

- 1-класстарга керектүү алиппе, математика, кыргыз тил, сүрөт жана жазма дептерлердин баары келди. Жетишсиздерин биз министрликке кайрылып дагы көбөйтүп беребиз.

Өткөн жылдагы калабалуу окуялар аймактагы кыргыз-өзбек тургундары үчүн чоң сокку жана катаал сабак болду, дейт талдоочулар. Аймакта экинчи мындай кагылышууларга жол бербөө, биримдикти бекемдөөнүн бир жолу катары конуштарга аралаш жайгаштыруу, мамлекеттик тилди үйрөнүү, аралаш мектептерди куруу сыяктуу сунуштарды тургундардын өздөрү көтөрүүдө. Ал эмес буга чейин кээ бир өзбек тектүү атуулдар өзбек тилдүү мектептерди жоюп, балдарды жалаң кыргыз тилинде окутуу демилгесин да айтып чыккан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG