Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Чеченстандагы соңку кол салууну үч жанкечти жасаган


Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлиги билдирүүдө. Министр Рашид Нургалиевдин айтымында, кол салуудан каза тапкандардын саны тогузга жетти. Ал эми жаракат алгандар саны жыйырмадан ашуун.

Шейшембинин кечинде парламент имаратына жакын жерде орун алган окуя Грозный шаарында акыркы жылдардагы эң ири чабуул болду жана ыйык Рамазан айы аяктап жаткан учурга туш келди. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечтилердин бири өзүн полиция патрулу аны кармоого аракеттенгенде жардырган. Калган экөө жардырууну алгачкы жарылуу болгон жерде полиция жана көчөдө жүргөндөр чогулган учурда жасашкан. Жабыр тарткандар көбү полицейлер. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок чечен президенти Рамзан Кадыров бул үчүн азыр Доку Умаров баштаган исламчыл согушкерлерди айыптады.

XS
SM
MD
LG