Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Ливиялыктар Айт майрамына кошо Каддафи бийлиги кулаганын белгилешүүдө


Триполинин борбордук аянтына бүгүн ыйык Рамазан айы бүтүшүн майрамдоо үчүн келген жана Муаммар Каддафинин режими кулаганына сүйүнгөн миңдеген адамдар жыйналды. Ливия козголоңчуларынын айтымында, азыр алар өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөөдө. Ал эми Каддафинин кичи мекени – Сирт шаары жана анын айланаындагы шаарчалардагы жактоочуларына ушул ишембиге чейин багынып берүү талабы коюлуп, болбосо чабул жасалары эскертилди. Каддафинин басма сөз өкүлү Муса Ибрагим жогорудагы ультиматумду четке какты. Каддафинин өзү кайда экени дагы деле белгисиз.

Бул аралыкта бүгүн Ливия боюнча эртең Парижде ачылуучу жыйынга Орусия менен Кытай да өз чабармандарын жөнөтөрү маалым болду. “Ливиянын достору” деп аталган жыйынга британ премьер- министри Дэвид Камерон жана француз президенти Николья Саркози төрагалык кылат. Жыйынга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун да катышуусу мерчемделген.

XS
SM
MD
LG