Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ливия: козголоңчулар өкмөтү таанылууда


Орусия Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешин легитимдүү бийлик катары расмий тааныды. Парижде Ливияга арналган эл аралык конференция башталды.

Франция Ливиянын убактылуу бийлигине буга чейин франциялык банктарда тоңдурулган ливиялык эсептерден 1 жарым миллиард евро каражат бөлө тургандыгын билдирди.

Бир нече күн мурун Москвадагы Ливиянын элчилигинин алдында кара, кызыл, жашыл тилкелерден турган жаңы байрак көтөрүлгөн. Кремл Ливиянын жаңы бийлигин таануу менен бул өлкөдөгү орусиялык кара май келишимдери мурдагы калыбында жүзөгө аша берет деген ишенимин билдирди.

Буга чейин бир нече ай бою Орусия Ливиянын козголоңчулар өкмөтүн тааныбай, Муаммар Каддафинин бийлигине каршы сокку урган НАТОнун аскердик операцияларын сындап келген.

Ливиядагы козголоңчулардын бийлигин биринчилерден болуп Франция, Италия жана Катар, июл айынын соңунда АКШ менен Британия расмий тааныган. Бир нече күн мурун Араб мамлекеттеринин лигасы, Египет жана башка бир катар африкалык өлкөлөр Ливиянын өткөөл бийлигин тааныды.

Бейшембиде Парижде алтымыштай дүйнөлүк лидерлер, «Ливия менен алака тобу» деп аталган атайын топтун жогорку даражадагы чабармандары катышкан сүйлөшүүлөр башталат. Анда Улуттар Уюмунун атайын чечимине ылайык чет жакта тоңдурулган ливиялык эсептердеги миллиардаган доллар тууралуу дагы сөз болот.

Дэвид Кэмерон менен Николя Саркози Париж конференциясы башталаар алдында, 1-сентябр, 2011-ж.

Франциянын президенти Николя Саркози менен британ премьер-министри Дэвид Кэмерон бул конференциянын уюштуруучулары. Жыйынга Ливиянын козголоңчулар өкмөтүнүн жогорку даражадагы мүчөлөрү жана АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон катышат.

Кытайдын расмий «Эл күндөлүгү» гезити болсо Ливиядагы жаңжалдан кийинки кырдаалды жөндөөгө Улуттар Уюму жетекчилик кылуусу керектигин жазып чыкты. Париждеги эл аралык жыйынга Бээжинден бир министр катышат.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жүппе расмий Париж тоңдурулан ливиялык эсептерден 1 жарым миллиард еврону чыгарууну жактырганын билдирди.

Ливиянын өткөөл өкмөтүнө акча каражаты өтө зарыл, өлкө ичинде суу, жарык жана күйүүчү май менен камсыздоо маселеси турат. Британ чабарманы Жон Женкинс козголоңчулардын революциялык бешигине айланган Бенгази шаарында туруп, британ аба күчтөрүнүн чоң аскерий учагы 227 миллион долларга тете жаңы эле басылган акча кагаздарын алып келүүгө кеткенин маалымдады. Ал каражаттар алды менен кызматкерлердин маянасы жана банктарга берилет.

-Бул ирет учактын күчү жеткиче ушунча акча алып келинет. Өзүңөр билгендей, бул өтө чоң аскерий учак. Мынча каражаттын Айт майрамында алып келиниши ливиялыктарга майрамды жакшы маанайда өткөрүүгө шарт түзөт. Андан дагы элдин өз акчасы өзүнө керектелип жатканын көрүп көңүлүм жаркып турат.

Муаммар Каддафинин уулдары: Саади менен Саиф ал-Ислам

Ал ортодо 40 жыл бийликте туруп кулаган полковник Каддафинин кайда экени тууралуу так маалымат жок. Сирия ээлик кылган «Аррай» спутник сыналгысы Каддафинин жактоочулары Сирте шаарын жөн эле бере койбостугу туралуу аудио билдирүү таратты.

-Козголоңчуларды Сирте шаарына "куш келгиле" демекчибиз. Силер шаарга кирүү оңой-олтоң деп ойлоп жатасыңарбы? Бул жер биздин колдо. Сиртеде 20 миңден ашуун куралданган эркектер турат, алар кармашка даяр. Биз жеңиш үчүн кармашка эбак эле даярданганбыз.

Муаммар Каддафинин жактоочулары полковник туулган Сирте шаары менен ага жакын жайгашкан бир нече анклавдарды өз көзөмөлүндө кармап турат.

Соңку маалыматтарда Каддафинин уулу Саади Ливиянын козголоңчулар өкмөтү менен байланышып, кан төгүүнү болтурбоону сунуштаганы кабарланды. Саади «ал-Арабия» сыналгысына Сиртеде кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну ага атасы тапшыргандыгын айтты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG