Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Россия CASA-1000 долбооруна акча кошууга даяр


Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ куурун курууга Россия да катышат. Мындай билдирүүгө Ооганстан, Пакистан, Тажикстан жана Россия президенттери бүгүн Дүйшөмбү шаарында кол коюшту. Коммюникеде ИТАР-ТАСС агенттигинин билдиришинче, CASA-1000 же Борбор Азия - Түштүк Азия-1000 энергосистемасын түзүүнүн маанилүүлүгү да белгиленет. Долбоор боюнча Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр кубаты экспорттолууга тийиш. Дүйшөмбүдөгү төрт тараптуу кездешүүдөн кийин президент Медведев береги долбоорго Россия жүз милдлиондогон доллар салууга даяр экенин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG