Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Сириялыктар Ассадга каршы акцияны күчөтүүгө үндөлдү


Сирияда оппозиция элге кайрылып, президент Башар ал-Ассаддын бийлиги нааразылык акцияларды аёосуз басканына карабай, режимге каршы чыгууларды дагы күчөтүүгө чакырды. Кайрылууда Ассаддын режиминин “зомбулугунан көрө өлүмдү тандаган артык” деп белгиленет. Улуттар Уюмунун эсебинче, мартта Ассадын башкаруусуна каршы козголуш башталгандан берки кагылыштарда 2 200дөй адамдын каны төгүлгөн. Бейшемби күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Европа жана башка өлкөлөрдү Сирияга каршы санкцияны күчөтүп, Ассаддын бийлигин кулатууну тездетүүгө үндөдү.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Польшада ачылган саммитте Сирияга каршы жаңы санкция киргизүүнү, анын ичинде мунай импорттоого эмбарго жарыялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

XS
SM
MD
LG