Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

БУУнун башкатчысы Түркия менен Израилди алакасын оңдоого чакырды


Пан Ги Мун бул тууралуу Түркия кечээ Израилдин элчисин өлкөдөн чыгарып, мурдагы өнөктөшү менен аскерий кызматташтыкты токтоткон соң айтты. Мунун алдында БУУ Газа секторуна гуманитардык жардам алып бара жаткан кемеде былтыр Израилдин рейди учурунда тогуз түрктүн өлүмү боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийинки баяндамасын жарыялаган эле. Баяндамада Израиль эл аралык сууларда бара жаткан кемелерге рейд учурунда “ашыкча” күч колдонгону, бирок Газа секторун деңизден блокадалаганы мыйзамдуу экени айтылган.

Израиль былтыр майда орун алган бул окуя боюнча өкүнөрүн кайрадан айтып, бирок Түркия талап кылгандай кечирим сурабай турганын билдирди.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун айтымында, Түркия менен Израилдин алакасы Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны үчүн чечүүчү мааниге ээ. АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо Вашингтон Израиль менен, Түркия менен да узактан бери достук мамиледе экендигин белгилеп, эки тарап пикир келишпестикти жеңе албай жатканына өкүнүч билдирди. Мамлекеттик департамент кошумчалагандай, АКШ Түркия менен Израилди алакасын жакшыртууга шыктандырат.

XS
SM
MD
LG