Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

ИИМ: Элдин колундагы куралдардын 44 пайызы кайтарылды


Былтыркы апрель жана июнь окуяларынан кийин элдин колуна өтүп кеткен ИИМдин 1177 курал-жарагынын 44 пайызы гана кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курак-жарактарды өз ыктыяры менен кайтаргандар бар. Ошондой эле министрлик куралдарды элдин колунан сатып алып жатат. Буга чейин курал-жарак сатып алуу үчүн өкмөттөн 1 миллион 500 миң сомдой каражат бөлүнүп, учурда алардын 1 млн. 200 миңи сарпталды. Учурда калган куралдарды сатып алуу үчүн дагы каражат керек. Мелис Турганбаев соңку мезгилде апрель жана июнь окуяларында жоголгон куралдарды колдонуу менен жасалган кылмыштар көбөйгөнүн кошумчалады.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, аталган мекемеге тиешелүү 263 ар кыл курал-жарактын учурда 43ү гана кайтарылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG