Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Атамбаев: Кен иштетүүгө лицензия берүү ачык болушу керек


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановду кабыл алып, анда кен иштеткен компанияларга лицензия берүү иши ачык болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчы лицензия берүү иштери буга чейин ачык жүргүзүлбөгөндүктөн, эл арасында күдүк суроолор орун алганын жана нааразылыктар чыгып жатканын белгиледи. Мындан тышкары кен иштетүү укугун берүүнүн тартип, эрежелери боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга коюу керектигин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар аймактарында алтын чыгарган компанияларга карата жергиликтүү тургундар каршы пикирин билдирип, аларга лицензия туура эмес берилгенин айтып чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG