Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Кытай: Каддафинин чабармандары Бээжинге келгени ырас


Кытайлык компаниялар Муаммар Каддафиге режими бошоңдой баштагандан тарта каруу жарак сатпаган. Бул жөнүндө Кытайдын Тышкы иштер министринин өкүлү Цзян Юй (Jiang Yu) бүгүн маалымдады:

- Каддафинин өкмөтү биздин өкүлчүлүк менен масилээттешпей туруп, өз чабармандарын Кытайга жиберген. Алар биздин өкмөттүк компаниябыздын бир нече өкүлү менен кездешкен. Бирок биздин компаниялар курал-жарак сатуу боюнча эч кандай келишимге кол коюшкан эмес жана Ливияга аскерий куралдар ташылган эмес.

Канадалык жана АКШлык айрым гезиттер соңку сандарында Кытай компаниялары июлдун аяк ченинде Каддафинин күчтөрүнө кеминде 200 миллион долларга курал-жарак сатууну сунуш кылганын жазышты. Кытай Батыш өлкөлөрү сыяктуу ливиялык козголоңчулардын Улуттук Утурумдук Кеңешин Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG