Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Каддафичил күчтөр Нигерден түнөк тапты



Ливиянын мурдакы лидери Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдү тарткан 50 машинеден турган аскерий кербен коңшулаш Нигердин борбору Ниамей шаарына жеткени маалымдалды. Нигердин бажы кызматынын мартабалуу кызматкери Харун Иденин сөзүнчө, кербенди күзөтүүнү Каддафинин коопсуздук кызматынын башчысы Мансур Дао жетектеп келген.

Кербенде Каддафинин үй-бүлөсү бары-жоктугу белгисиз. “Ал-Арабия” телеканалы Нигердин тышкы иштер министри Базум Мухаммедге шилтеме берип, Каддафи өзү кербен менен келбегенин кабарлады.

Каддафинин өкүлү Муса Ибрагим Сириянын өкмөттүк каналына 69 жаштагы полковник Ливияда калганын айтты:

- Лидер Муаммар Каддафинин саламаттыгы өтө жакшы, руху бийик. Ал азыр Ливияда, ден соолугу жакшы. Аны береги дүрбөгөн топтор таппайт.

Ливиянын жаңы өкмөтү аскерий кербенге акча жана алтын жүктөлгөнүн билдирди. Бирок бул маалымат тастыкталбады.

XS
SM
MD
LG