Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Атамбаев: конуштарда көп кабаттуу үйлөр курулат


Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Дордой-2 жаңы конушунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Келерки жылы конуштардагы абалды оңдоо үчүн жарым миллиард сом бөлүнөрүн, көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекалык насыяга 20 жылга берилерин билдирди.

Бишкекте 47 конуш бар. Алардын дээрлик баары жер басып алуулардан улам пайда болгон. Кечээ өкмөт үйүнүн алдына Ак-Ордо, ТЭЦ-2 конуштарынын тургундары үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү, жашоо-шартын жакшыртууну талап кылып митингге чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG