Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Сөз эркиндигин коргоого арналган пикет өтүп жатат


Кыргызстандын коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин тагдырына байланыштуу талапты койгон нааразылык акциясы учурда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында өтүп жатат.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров баштаган бир нече адам Байкоочу кеңешти таркатуу же таркатпоо маселеси коомчулук арасында кайрадан көтөрүлө баштаганына нааразы. Алардын айрымдары ооздорун желим кагаз менен чаптап алышкан. "Себеби, Байкоочу кеңештин ишине тоскоолдук кылуу - сөз эркиндигин басмырлоо менен барабар", - деп билдиришти "Азаттыка" укук коргоочулар.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, мурагы күнү Жогорку Кеңештин Жылдыз Жолдошева жетектеген Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат комитети КТРКнын Байкоочу кеңешине байланыштуу маселени кайрадан көтөргөн. Буга чейинки кабыл алынган чечимдер боюнча, Байкоочу кеңештин азыркы курамы 2013-жылга чейин мыйзамдуу. Ал былтыркы апрелдеги бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG