Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Июнь жаңжалында жабыркаган жаштар бизнеске үйрөнүп жатышат


Былтыркы июнь айындагы каргашада жапа чеккен Оштун жана Жалал-Абаддын 320 жаш тургунун БУУнун Өнүгүү программасы ишкердик менен алектенүүгө үйрөтүп жатат. Алардын көпчүлүгү кедей үй-бүлөдө жашагандар. Чакан бизнестин негиздерин, айыл шартында пайда табуунун жолдорун үйрөткөн атайын тренингге катышкандардын 42 пайызын кыз-келиндер түзөт. Буга чейин ушул сыяктуу окуудан өткөн 570 адамдын 80 пайызы азыр өз алдынча ишкер. Былтыр июнь айында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда улут аралык жаңжал чыгып, 400 дөн ашык адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG