Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

"Ак кызмат" баннерлерди сыйрып өрттөйт


Кыргызстандын эгемендигин мазактаган баннерлер тагылган жерлеринен сыйрылып, өрттөлүшү керек. Мындай чакырык менен "Ак кызмат" деп аталган кыймыл чыгып жатат. Буга чейин эркин сүрөтчүлөр эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата атайын сынак жарыялап, эң татыктуу, кызыктууларын жер-жерлерге баннер түрүндө илүүнү чечишкен болчу. "Бирок, алардын айрымдарында адепсиз, эгемендүүлүккө жана улуттук ар-намыска шек келтиргендери бар. Андыктан, аладры жок кылыш керек" деп билдиришти "Азаттыкка" кыймылдын демилгечи жаштары. Баннерлердеги сүрөттөрдүн авторлору болсо бул болгону чыгармачыл адамдардын социалдык маселелерге жеке көз карашы болчу дешүүдө.

XS
SM
MD
LG