Бүгүн Бишкекте “Мен чечим кабыл алам!” деген долбоордун алкагында үч күндүк семинар башталат. Ага бардык жигердүү жаштар катыша алат деп маалымдады “Азаттыкка” “Кебел!” саясий клубунун координатору Мирзат Ажиев. Анын айтуусунда, семинар мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги өнүктүрүү программасын түзүү жана биргеликте ишке ашырууну максат кылып, жаңы ой, жаңы форматта иштөөгө даяр лидерлердин туруктуу командасын түзүүнү максат кылат.(ZKo)