Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Алматыда активисттер Мангустаудагы иш таштаган жумушчуларга тилектештик билдиришти


“Азаттыктын” Казак кызматынын маалыматына ылайык, Социалисттер кыймылынын Жана Байтелова баштаган тобу Алматынын борбордук аянтында чогулуп, иш таштоого байланыштуу деп саналган кылмыштарда көз жумган Жансауле Карабалаева менен Жаксылык Турбаевдин сүрөттөрүн алып чыгышты.

18 жаштагы Карабалаева Мангустаудагы иш таштаган “ӨзенМунайГаз” жумушчуларынын кесиптик кошуунунун баш өкүлдөрүнүн бири Кудайберген Карабалаевдин кызы болгон, кыз август айында жоголуп, төрт күндөн кийин өлүгү табылган. Мунай жумушчуларынын активисти Турбаевди да өткөн айда белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти. Мангустауда жүздөгөн жумушчулар айлыкты көбөйтүү, кытайлык жумушчулар менен бирдей укуктарды камсыз кылуу сыяктуу талаптар менен май айынан берип иш ташташууда.

XS
SM
MD
LG