Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Борбор Азиядагы исламдын абалы талкууланды


Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу эл аралык институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө “Карнеги” фонду уюштурган видео-аңгемелeшүүгө Кыргызстан, АКШ, Казакстан жана Орусиядан саясатчылар менен журналисттер катышты.

Бул видео-талкууда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандагы ислам дининин бүгүнкү абалы, анын бул чөлкөмдөгү элдин жашоо-турмушуна тийгизген таасири талкууланды.

Талдоочулар Кыргызстанда ислам динин өзүнүн ичинде карама-каршылыктар бар экендигин, советтик түзүлүштү жактагандар динди радикалдык мааниде гана түшүнүп четке каккан учурлар көп кездешээрин белгилешти. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда мыйзамдар либералдуу болгондугуна байланыштуу өлкөдө дин эркиндиги башка коңшу мамлекеттерге караганда жогору экендиги айтылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG