Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Медведев ишенимсиз аба компанияларын жабууга буйрук берди


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өкмөткө «учуунун коопсуздугун камсыздай албаган компаниялардын ишин токтотуу» боюнча, 15-ноябрга чейин тийиштүү чараларды иштеп чыгууга буйруду. Мунун алдында Медведев советтик мезгилде жасалган учактарды колдонуудан чыгарууну талап кылган.

Өткөн шаршембиде 18 жыл мурда жасалган Як-42 учагы кыйраганда ичиндеги 43 киши, анын ичинде Орусиянын эң таанымал хоккей командаларынын биринин 36 оюнчусу жана тренерлери набыт болгон эле. Курмандыктарды жерге коюу жөрөлгөсүнө 100 миңдей киши келип, өкмөт башчысы Владимир Путин катышты.

XS
SM
MD
LG