Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Түрк өкмөт башчысы ыңкылап болгон араб өлкөлөрү боюнча сапарга чыкты


Режеп Тайып Эрдоган иш сапарын бүгүн Египеттен баштап, бул өлкөнүн аскерий бийликтери менен сүйлөшүү өткөргөн жатат. Ал Египетке өлкөнүн мурдагы президенти Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан жети айдан кийин келүүдө.

Бул иш сапардын алдында, өткөн ишемби күнү, египеттиктердин жоон тобу Израилдин Каирдеги элчилигинин имаратына кол салып, тополоң учурунда кеминде үч адам өлүп, 1000ден ашуун киши жаракат алды.

Түркия премьери Египетке ошондой эле Израилдин элчиси Анкарадан чыгарылган соң келүүдө. Анкара мындай чечимди былтыр Палестинанын Египет менен чектеш Газа секторуна гуманитардык жүк алып бара жаткан кемедеги түрк активисттеринин тогузу Израилдин рейди учурунда мерт болгонуна каршылык иретинде кабыл алды.

Египеттен соң түрк өкмөт башчысы Туниске жана Ливияга барат. Бул өлкөлөрдө да бийликте узактан бери турган лидерлер элдик козголоңдордун натыйжасында кулатылган.

XS
SM
MD
LG