Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыйноолорго каршы улуттук борбор ачылат


"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Дастан Бекешев баштаган бир катар депутат Кыргызстанда кыйноолорго каршы улуттук борбор ачуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

2008-жылы Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, атайын орган ачуу милдетин алган. Мындай орган ачуунун: акыйкатчынын алдында, акыйкатчы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын биргелешкен жана өз алдынча деген үч варианты каралып, үчүнчүсү тандалып алынган.

Улуттук борбордун координациялык кеңеши 11 адамдан турат. Алардын бири парламенттеги оппозициянын, бирөө коалициянын өкүлү, 8 адам коомдук уюумдардан жана жарандык коомдон, 1 адам акыйкатчынын өкүлү болот. Алар жалаң гана абактарга эмес, кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, жабык жайларга алдын ала айтпастан туруп, капысынан барып мониторинг жүргүзүүгө укуктуу жана алардын кол тийбестик мандаты болот.

Кыйноолорго каршы коалициянын маалыматы боюнча, 2009-2010-жылдары Кыргызстанда 186 кыйноо фактысы, алардын 93 пайызы тергөө абактарында катталып, 3 адам каза тапкан. Мамлекет башчысы Роза Отунбаева жакында Ош облусунун тургундары менен жолугушканда кыйноолорго каршы иш күчөтүлөөрүн убада кылган.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG