Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Талиптер Кабылдын ортосуна кирип келишти


Бүгүн Кабылда бир нече жардыруу болуп, калаанын ортосу артиллериялык куралдардан аткыланды. Ушу тапта АКШ элчиканасына чукул жерде уруш жүрүүдө. Бул аймак мыкты күзөтүлүп, анда элчиликтер, бир нече министрлик, ошондой эле НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн баш кеңсеси жайгашкан.

НАТОнун өкүлү чабуулду тастыктап, бирок кайсы объекттер бутага алынганын айткан жок.

Күбөлөрдүн айтышынча, курулуп жаткан бийик имаратка жашынган согушчандар коопсуздук күчтөрү менен атышууда. Талиптер чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышты.

XS
SM
MD
LG