Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

НАТО Кабылда Ооган аскерлерине жардам берди


Ооганстандагы НАТО башындагы эл аралык күчтөр - ISAF талиптердин Кабылдагы чабуулунун мизин кайтаруу үчүн ордо калаанын ортолугуна аскер жибергенин билдирди. Талиптердин айтышынча, анын желдеттери, ошондой эле жанкечтилер бүгүн Кабылга чабуул баштады.

ISAF козголоңчулардын “чакан тобу” аралык коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесинин жанына жана АКШ элчиканасына чабуул жасашканын маалымдады. Бул билдирүүдө Ооганстандын жана НАТОнун аскерлери чабуулга тез жооп бергени белгиленет.

Бүгүн эртең менен баш калаанын мыкты күзөтүлгөн жана элчилик-министрликтер жайгашкан районунда курулуп жаткан бийик имаратка жашынган талип согушчандары коопсуздук күчтөрү менен атышып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG