Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзөт


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Аталган уюмдун кыска жана узак мөөнөттүү эки башка миссиясы иш алып барарын бүгүн "Азаттыкка" ЕККУнун Бишкектеги борборунан кабарлашты.

Кыска мөөнөттүү миссия добуш берүү күнү иштеп, узак мөөнөткө келген байкоочулар шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Кыргызстанда болушат.

Мамлекет башчысын шайлоо 30-октябрда болот. Ага катышууну каалагандардын саны башында сексенге жакын адам болсо, бүгүнкү күнгө карата отуздун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG