Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Евробиримдик банк системасындагы абалды талкуулоодо


Европа биримдигинин каржы министрлери Польшанын Вроцлав шаарында жыйын өткөрүшүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн чордонунда банк системасындагы абал болмокчу. Польшанын расмий адамдары маалымдашкандай, министрлер Европанын рынокторуна ишенимди калыбына келтирүү жана финансылык стабилдүүлүктү өрчүтүү маселелерин талкуулашат.

Жыйын өтүп жаткан кезде кесиптик кошуундар биримдиктин антикризистик программасына каршы чыгууларды уюштурганы жатышат. Синдикаттар Греция өңдүү өлкөлөрдө бюджетти үнөмдөө чаралары жумушсуздардын санын көбөйтүүгө алып келерин ырасташууда.

XS
SM
MD
LG