АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы менен Бишкекте Карьера борбору ачылды.
Борбор Кыргызстандагы 20 университет жана бир нече кесиптик-техникалык окуу жайлар менен кызматташып, студенттерди кесип тандоого, иш берүүчүлөр менен мамиле түзүүгө үйрөтөт. Бүгүнкү күндө бир нече ишкана, мекеме менен студенттердин практика өтүүсү боюнча келишимдер түзүлдү.
Билим жана илим министрлигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар, алардын 32си мамлекеттик. Ал эми атайын кесиптик орто жайлардын саны 122 (RK)