Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Кыргызстан БУУда талапкер


Президент Роза Отунбаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясына катышууга жөнөөр алдында бул жыйын Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экендигин “Биринчи радиого” берген маегинде белгиледи.

“Маанилүү маселелердин катарында – Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин өткөрүү маселеси бар. Биз мунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз", -деди Роза Отунбаева.

Президенттин айтымында, бул орунга эки өлкө – Кыргызстан жана Пакистан талапкерлигин коюуда.

Нью-Йоркко президент Роза Отунбаева 18-сентябрда жөнөп кеткен. БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу укугу ротациялык негизде, бир жылга берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG