Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Салехтин мойнунда дагы 50 адамдын өмүрү


Антиөкмөттүк демонстрацияда жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Санаа. 18-сентябрь 2011-жыл
Антиөкмөттүк демонстрацияда жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Санаа. 18-сентябрь 2011-жыл

Йемен байтакты Санаада жекшембинин кечинде өкмөттүк күчтөр кылкылдаган демонстранттарга ок ачканда кеминде 50 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болду.

19-сентябрда таң азандан тарта Санаада автоматтык куралдардын үнү жаңырууда. Демонстранттардын айтышынча, алар кечээ кан төгүлгөн “Өзгөрүш аянтына” жаңы чатырларды тигишип, нааразылык акциясын дагы чоң күч менен улантууну мерчемдешүүдө.

Президент Али Абдулла Салехтин 33 жылдык башкаруусуна каршы элдик козголоң быйыл февралда башталган.
Мотоциклист жарадар демонстрантты ооруканага алып баратат. Санаа. 18-сентябрь 2011
18-сентябрда, британдык кабарчы Томм Финндин сөзүнчө, Санаанын борбордук майданына акыркы сегиз айда болуп көрбөгөндөй көп эл чогулган. Журналист 26 адамдын өмүрү үзүлүп, жүздөгөн адамдар жараат алган калабаны “массалык кыргын” деп атады. Жергиликтүү дарыгерлер 20дай адам снайперлердин огунан өлгөнүн тастыкташты.

Президент Салехти колдогон санаалык тургун таңга жуук айтканга караганда, демонстрация адегенде тынч эле өтүп жаткан:

- Демонстранттар Өзгөрүш аянтына агылып келишти. Адегенде демонстрация тынч жүрүп жатты. Демонстранттар курал-жарак алып, автомобилдерге бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыта баштаганда тополоң башталды. Үч же төрт автомобиль азыр да күйүп жатат. Алар элди рогаткадан аткылашты. Жарадарлар көп, алар кагылыш болуп жаткан жерден качып чыкканга аракет кылышууда.

Йемендин өкмөттүк телеканалынын түшүндүрүшүнчө, аскерлер өздөрүн коргоо үчүн демонстранттарга ок ачкан жана ооруканага жеткирилген жарадарлардын көбү солдаттар. Ал эми өлгөн жана жарадар демонстранттардын Интернетке чыккан видеотасмасы
Египеттик жигит (оңдон солго) өлкөнүн мурдакы президенти Хосни Мубарак, анын уулу Гамал, Йемен президенти Али Абдулла Салех, Ливиянын мурдакы лидери Муаммар Каддафи жана Сириянын президенти Башар Асаддын түрмө кийиминде даргага моюндарынын илинип турган плакатты карап турат. Каир, 15- июль 2011-жыл.
Санаада эмес, башка жакта тартылган деп актанууда ырасмий бийлик. Бирок катардагы жарандар менен көз карандысыз журналисттер тартып алган видеотасмалар аскерлер элге куру дүрмөт эмес, чыныгы окторду атканын күбөлөйт.

Ырасмий Вашингтонду Йеменден калабалуу кабарлардын улам көп келип жатканына тынчсыздантканын АКШнын Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Кеңешиндеги чабарманы Айлин Чемберлин Донахю билдирди.

19-сентябрда Йемендин коопсуздук күчтөрү жана оппозиция ордо калаадагы өз позицияларын күзөтүүнү күчөтүштү. Оппозиция жоокеринин Санаадан билдиришинче:

- Санаа шаарынын бардык бөлүгү жана ага чектеш райондорду азыр өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөөдө. Алар жергиликтүү тургундарга жана биздин колдоочуларыбызга кол салышты.

Президент Салехке каршы нараазылык акциялары Йемендин экономикасына жана Санаанын элинин жашоосуна тескери таасир этүүдө. Британияда жайгашкан Oxfam эл аралык соопкерчилик уюмунун маалымдашынча, январдан бери Йеменде күйүүчү майдын баасы 5 эседен көпкө кымбаттады. Удаа эле инфляциянын ооздугу койо берилип, азык-түлүк жетишпей, тамак-аштын наркы асмандап өстү. Анын кесепетинен ар бир үчүнчү йемендик ачка жүрүүгө мажбур. Бул 22 миллион элдин 7 миллионуна тамак-аш жетишпейт дегенди билдирет. Эгерде тыш өлкөлөр Йеменге азык-түлүктөн тез арада жардам көрсөтпөсө, өлкөнү “каатчылык каптайт”, деп эскертет Oxfam соопкерчилик уюму.

XS
SM
MD
LG