Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Садыркуловдун ишине шектүү адам Москвада кармалды


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун үйүнө адамдын кесилген кулагын жана манжасын жеткирген кылмыш ишине шектүү делген Т.Мамытов Москвада кармалды.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлоодо. Ал мурда Бишкектин Свердлов райондук милициясында иштеген. Мамытовду ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын кызматкерлери кармап келишти.

Үрөйдү учурган ал окуя 2009-жыл жаңырган күндөрү болгон. Көп өтпөй, ошол жылдын март айында Садыркуловдун күйүп кеткен сөөгү Бишкектин чет жакасынан табылган. ИИМдин соңку маалыматы боюнча, ал мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин буюртмасы менен өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG