Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Кыргызстан экономикалык эркиндик жагынан төмөндөдү


"Дүйнөдөгү экономикалык эркиндик: 2011" баяндамасында Кыргызстандын рейтинги 61-орундан 70-орунга төмөндөдү. Бул тууралуу Борбор Азиядагы эркин экономика институту маалымдайт. Төмөндөөгө өлкөнүн ичиндеги жана дүйнөлүк деңгээлдеги терс таасирлер себеп болгону айтылат. Кыргызстандын экономикасын алсыраткан факторлор катары мамлекеттик ишканалардын көптүгү, сот системасынын акыйкатсыздыгы, адам укуктарынын сакталбашы, чет өлкөлүк капиталдын ченелүү гана болуп жатканы айтылууда.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, соңку жылы экономикалык эркиндик дүйнөлүк деңгээлде төмөндөп бара жатат.

Эркин жана гүлдөгөн экономикалуу өлкөлөрдө жашаган калктын жашоо сапаты жогору болоору далилденген. Кыргыз өкмөтү келерки жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 7 миллиард сомго көбөйтмөй болуп жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG