Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Иран депутаты: айыпталган аялдар исламча кийинүүгө милдеттүү эмес


Депутат Лале Еффекари соттолуп жаткан аялдарды «Иранда аялдар үчүн милдеттүү болгон бети ачык чадор кийишет» деп сынга алды. Эффекари айым «соттолуп жаткан аял чадор кийсе, бул кийимдин ыйыктыгына шек келет» деди. Ал ошондой эле «күнөөсү бар айыпталган аял чадорго ишенбейт, сотко келгенде гана кийип келүүгө мажбур» деп айтты. Эффекари анын ордуна бул аялдар түрмөнүн штампы коюлган шейшепке оронуп келишин сунуш этти. Укук коргоочу Фатеме Горанае "Азаттыктын" фарси кызматына Исламдык кийим ыйык делбеши керектигин белгилеп, бардык аялдар чадор кийишти же кийбешти өздөрү чечиши керек деди.

XS
SM
MD
LG