Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

АКШнын аскерий жетекчиси Пакистанды айыптады


Пакистандын өкмөттүк күчтөрү кезектеги операция маалында.
Пакистандын өкмөттүк күчтөрү кезектеги операция маалында.

АКШда жогорку даражалуу аскерий жетекчилердин бири Пакистанды Ооганстанга экстремизмди экспорттоп жатканы үчүн айыптады. Мунун алдында АКШ Сенатынын комитетинде Пакистанга жардамды шарт менен берүүнү караган мыйзам долбоору жактырылган. Соңку кездери Вашингтон Исламабадга "Талибандын" бир канаты катары саналган “Хаккани” түйүнү менен алаканы үзүүсү үчүн кысым көрсөтүүдө.

Азырынча Сенаттын тиешелүү комитетинде жактырылган мыйзам долбооруна ылайык, Пакистанга коопсуздук же экономикалык мүнөздөгү жардам болсун ал шарт менен, башкача айтканда бул өлкө согушчан топторго каршы кандай күрөшүп жатканына жараша берилет.

Сенаттын комитети Пакистанга келерки жылы көрсөтүлүүчү жардамдын акчалай суммасын аныктаган жок. Бул маселени президент Барак Обама чечмекчи.

АКШ Пакистанга нааразы

Болгону Сенат комитетинде Пакистан армиясынын согушкерлерге каршы операциясын колдоо үчүн 1 миллиард доллардык жардам көрсөтүү жагы жактырылды, бирок ал жардамдын ажыратылышы Исламабад “ал-Кайида”, “Хаккани” түйүндөрүнө жана башка согушчан топторго каршы кандай күрөшүп жатканына көз каранды болот.

Маселен “Хаккани” түйүнүн АКШ бийликтери өткөн аптада Кабулдагы элчиликке жасалган кол салуу үчүн айыпташууда. Анда элчиликтин имараты ракета менен аткыланган эле.

Бул аралыкта АКШнын жогорку даражалуу аскерий өкүлү, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен бейшемби күнү Сенаттын аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда Пакистандын башкы чалгын мекемеси - Мекемелер аралык чалгын агенттигин “Хаккани” түйүнүнө колдоо көрсөткөнү үчүн ачык эле айыптады:

Майк Маллен
-“Хаккани”, маселен, Пакистандын агенттигинин чыныгы колу катары аракеттенүүдө. Мекемелер аралык чалгын кызматынын колдоосунда “Хакканинин” адамдары бомба салынган жүк ташуучу унаа менен кол салууну (2011-жылдын сентябрында болгон) жана биздин элчиликке чабуулду даярдап, ишке ашырышкан.

Кыянатчыл экстремизмди саясаттын аспабы катары тандоо менен Пакистан өкмөтү, өзгөчө мекемелер аралык чалгын кызматы менен армиясы биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн келечегин гана эмес, Пакистандын сыйлуу жана аймактык таасир көрсөтүүгө легитимдүү өлкө катары мүмкүнчүлүгүнө шек келтирүүдө.


АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү буга чейин да расмий Исламабадды ошол “Хаккани” түйүнү менен байланышын үзүүгө чакырып, айрымдары курч эскертүү жасагандай да болушкан.

Адмирал Маллен мурдараак билдиргендей, ушул айда АКШнын Ооганстандагы Вардак провинциясындагы америкалык аскерий базага жасалган кол салуунун артында “Хаккани” түйүнү турганында шек жок. Ал кол салуудан бери дегенде 77 жоокер жаракат алган.

Бул аралыкта Кабулдан Ооганстандын расмий өкүлдөрү "Талибанга" мурдагы президент Бурхануддин Раббанини өлтүрүүнү уюштурууга Пакистандын чалгын кызматы жардам бергенин ишара кылууда.

"Хакканичилер" каякта?

Бирок Исламабаддан Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик “Хаккани” түйүнү Пакистан аймагынан аракеттенбесин айтып чыкты.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу - ФБРдин башчысы Роберт Муллер менен 21-сентябрда Исламабадда жолукканда ал Пакистан террорго каршы согуштун жигердүү катышуучусу экенин эске салып, өкмөт өлкө аймагы террорчулук үчүн колдонулушуна жол бербейт деп ырастады:
-“Хакканиге” байланыштуу биз бир катар маселелерди талкууладык. Ооба, бул кыжырдантат жана биз муну чогуу чечүүдөбүз. Силер билгендей, “Хаккани” - Советтер Союзунун жана ооган согушунун продуктусу, ал кезде биз өнөктөш болгонбуз. Алар ушул жердин балдары. Бирок мен америкалык тарапты алар Пакистан тарапта эместигине ишендирдим. Бирок эгер Кошмо Штаттарда далилдүү чалгын маалыматтары болсо, биз сөзсүз чара көрөбүз.

Бирок бул билдирүүнүн эртеси Пакистандын ички иштер министри көз карашын өзгөрткөндөй болду. 22-сентябрда "Рейтерге" курган маегинде Малик “Хаккани” түйүнүнүн айрым элементтери Пакистандын Ооганстан менен чектеш жана уруулар жашаган Түндүк Вазирстан чөлкөмүндө жайгашканын моюнга алды. Байкоочулардын болжолунда, бул топтун согушкерлеринин саны он-он беш миңге чейин жетүүсү мүмкүн.

АКШнын бир нече жылдан берки кысымына карабай, Пакистан өкмөтү Түндүк Вазирстандагы согушкерлерге каршы кеңири масштабда чабуул жасоого каршы болуп келген. Ал эми эки өлкөнүн алакасына токтолсок, Вашингтон азыр Ооганстандагы аскерлерин камсыздоо үчүн Пакистандын кургактагы жолдоруна, Исламабад болсо АКШнын экономикалык жардамына муктаж болуп тургандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG