Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

БШК президенттикке талапкер 3 адамды каттоодон баш тартты


Бүгүн БШК өз жыйынында талапкерлер: Турсунбай Бакир уулу, Төрөбай Колубаев жана Салмоорбек Дыйкановду расмий каттоодон баш тартты. БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим талапкерлердин кол топтоо баракчаларын текшерүүдөн кийин кабыл алынган.

Кыргызстанда шайлоо 30-октябрда өтөт. БШК бүгүн дагы алты адамды: Арстанбек Абдылдаев, Алмазбек Атамбаев, Акылбек Жапаров, Сооронбай Дыйканов, Жумабек Токтогазиев жана Алмазбек Каримовду талапкер катары расмий каттап, президенттик жарышка түшө турган адамдар саны 20га жетти.

1.Камчыбек Ташиев - "Ата-Журт";
2.Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстан";
3.Кубатбек Байболов – өзүн-өзү көрсөткөн;
4.Марат Султанов - өзүн-өзү көрсөткөн;
5.Роман Оморов - өзүн-өзү көрсөткөн ;
6.Өмүрбек Суваналиев - өзүн-өзү көрсөткөн;
7.Темирбек Асанбеков - "Мекен Ынтымагы";
8.Анарбек Калматов - "Ар-намыс";
9.Шамшыбек Медетбеков - "Эл бийлиги";
10.Исхак Масалиев – Коммунисттер партиясы
11.Курманбек Осмонов - өзүн-өзү көрсөткөн;
12.Алмамбет Матубраимов - өзүн-өзү көрсөткөн;
13.Марат Иманкулов - өзүн-өзү көрсөткөн;
14.Кубанычбек Исабеков – өзүн-өзү көрсөткөн;
15. Арстанбек Абдылдаев - "Эл үчүн";
16.Алмазбек Атамбаев – КСДП;
17.Акылбек Жапаров – өзүн-өзү көрсөткөн;
18.Сооронбай Дыйканов - өзүн-өзү көрсөткөн;
19.Жумабек Токтогазиев;
20. Алмазбек Каримов. (ЕК)

XS
SM
MD
LG