Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Жарышка жыйырма талапкер аттанды


Президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.
Президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы алты талапкерди расмий каттады. Ошентип президентик орунга ат салышчу адамдардын саны 20га жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда президенттик орунга ат салышууну каалаган алты талапкерди расмий каттады. Алар: Алмазбек Атамбаев, Акылбек Жапаров, Арстанбек Абдылдаев, Жумабек Токтогазиев, Алмазбек Каримов, Сооронбай Дыйканов.

Талапкерлерди каттоо жараяны соңуна чыкты. Ошентип президенттик орунга ат салышчу адамдардын саны 20га жетти. Расмий катталган 20 талапкердин сегизи партия тарабынан көрсөтүлсө, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр.

Ошондой эле БШКнын бүгүнкү жыйынында “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулун, “Асаба” партия лидери Салмоорбек Дыйкановду жана убактылуу иштебеген Төрөбай Колубаевди президенттик жарыштан четтетүү чечими кабыл алынды.

Турсунбай Бакир уулу
Боршайкомдун мүчөсү Жаркын Бапанованын айтымында, бул үч талапкер жетиштүү анык кол топтой алган эмес.

- Булардын топтогон колу 30 миңге жетпей калды. Макул болбогондор сотко кайрылып, ошол жактан чечишип алышат.

Ал ортодо Турсунбай Бакир уулу БШКнын мындай чечимин саясий буйрутма катары сыпаттоодо. Ошол себептүү ал БШКнын чечимин сотко бергенге камынып жатат.

- Акаев, Бакиев доорунда алардан кийин эң көп кол топтоп, тапшырган мен болчу элем. 200-300 миңден ашуун кол тапшырчу элем. Ошондуктан кол чогултууда тажрыйбам бар. Азыр БШК чыгарган чечим саясий буйрук болгон. Анткени мен жана Салмоор Дыйканов 22-сентябрда мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөнбүз. Эгер кол чогултуп атканда ката кетирсек, анда Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиевага окшоп сынакка киргизилбешибиз керек эле. Азыр мен БШКнын чечимин сотко берем. Экинчиден, жер-жерлерде эл көтөрүлөбүз деп атат, мен аларды токтотпойм.

Буга чейин жарыштан четтетилип, тил сынагына кирбей калган бир катар талапкер БШК чечимин сотко берген. Бул соттук жараяндар талапкерлердин пайдасына чечилсе, Боршайком кезексиз тил сынагын өткөрө тургандыгы айтылган.

Ал ортодо азыртадан эле шайлоо эки айлампа менен өтөт деген божомолдор айтылууда. Бул жолку шайлоо мурдагылардан кызуу өтөрүн чет элдик эксперттер да белгилешкени бар.

Талдоочу Санжар Тажыматовдун пикиринде, бул ирет шайлоочуларды мамлекеттин бүтүндүгү, өнүгүүсү жөнүндөгү ураандар кызыктырышы мүмкүн. Экинчиден, аймактык, улут аралык деген маселе да орун алышы ыктымал. Ошентсе да Тажыматов мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу азыр эл кимге добуш берерин өздөрү билип калды деп эсептейт.

- Эң биринчи шайлоочуларды өзүнө тарта турган “Кыргызстан” деген биринчи ураан болот. Экинчиси, эл өзгөрүү болот деп күтүп атат. Күчтүү бийлик, мыйзам, тартип жөнүндө да ураандар болот. Менимче бүгүнкү күндө Кыргызстанда электорат эң сонун деңгээлге жетип калды, алдыга жылыш болот. Регионализм бар, аны моюнга алыш керек, этникалык маселе бар. Бирок эң негизгиси Кыргыз мамлекетинин негизги идеялары турат. Мен келечекте жакшы болот деп ишенем.

Анткен менен саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев кайсы бир талапкер өзүнүн жаңыча идеологиясы, өлкөнү өнүктүрүү платформасы менен алдыга озуп чыгат деген ишенимдерден алыс. Анын белгилешинче, бул шайлоодо элдин сезимине таасир өтчү ураандар басымдуулук кылат.

- Сезимге басым койгон эмнелер? Бул баягы эле “эл”, “эл үчүн”, “мекенчилдик” деген сыяктуу жана көпчүлүктү түзгөн катмарга жагыныш үчүн кошомат кылып, саясатчылар ошого басым жасайт. Ошондуктан азыр ким "динге, элге" деп кыйкырса, ошолорду ээрчийт. Идеологиялык негизине карабайт, азыр алардын таанымалдыгына, каяктан экендигине карайт.

Бизде саясий революция болду, маданий революция болгон жок. Андыктан мурда кандай ураандар жеңип келсе, азыр деле ошондойлор жеңе берет. Жаңы идея менен эч ким чыкпайт. Анткени бир топ келип, ташбараңга алат. Бирок ошондой күчтүү идея менен, элди ээрчибей элди ээрчиткен киши келсе жакшы болот эле.


БШКдан билдиришкендей, 24-сентябрдан 25-сентябрга оогон түнү үгүт иштерине уруксат берилип, ал 29-октябрында аяктайт. Ал эми шайлоо 30-октябрга белгиленген. Төмөндө БШК расмий каттаган талапкерлердин тизмеси:

Өзүн өзү көрсөткөндөр:

1. Кубатбек Байболов
2. Марат Султанов
3. Роман Оморов
4. Өмүрбек Суваналиев
5. Курманбек Осмонов
6. Алмамбет Матубраимов
7. Марат Иманкулов
8. Кубанычбек Исабеков
9. Акылбек Жапаров
10. Жумабек Токтогазиев
11. Сооронбай Дыйканов
12. Алмаз Каримов

Саясий партиялардан көрсөтүлгөндөр:

1. Камчыбек Ташиев – “Ата-Журт”
2. Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан”
3. Темирбек Асанбеков - “Мекен Ынтымагы”
4. Анарбек Калматов - “Ар-намыс”
5. Шамшыбек Медетбеков – “Эл бийлиги”
6. Исхак Масалиев –“Кыргызстан коммунисттер партиясы”
7. Арстанбек Абдылдаев – “Эл үчүн”
8. Алмазбек Атамбаев – Кыргызстан социал-демократтар партиясы

XS
SM
MD
LG