Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

БШК Жогорку сотко көзөмөл арыз жолдоду


Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге каршы болуп, 25-сентябрда Жогорку сотко арыз жолдоду. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” билдирди.

24-сентябрда Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкерлер: Акбаралы Айтикеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбеков, Токтайым Үмөталиева жана Нариман Түлеевдин арызын канааттандырган. Бул талапкерлер БШК аларды маарадан мыйзамсыз четтетти деген доо арыз менен кайрылышкан болчу. Мыйзам боюнча сот арыз келип түшкөн соң үч күндөн кийин ишти карап баштайт.

Боршайком бул талапкерлердин кол топтоо тууралуу документтеринде калпыстыктар бар деген жүйөө менен 20-сентябрда жарыштан алган. Калган 20 талапкерди расмий каттаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG