Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Түркияда Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселеси талкууланат


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков башында турган депутаттык делагация Түркияга жасаган иш-сапардын алкагында президент Абдуллах Гүл жана Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Жемил Чичек менен жолугушат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууларда текстиль жана кайра иштетүү өнөр жайларына, туризм жана энергетика тармактарына инвестиция тартуу, биргелешкен ишканаларды куруу маселелери каралмакчы.

Андан сырткары, терроризмге жана экстремизмге, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана коррупцияга каршы күрөшүү, миграция маселесин жөнгө салуу, билим берүү тармагын өркүндөтүү маселелеринин талкууланышы күтүлүүдө. Түркия өкмөтүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө гранттык каражат алуу, Кыргызстандын тышкы карызын кечүү демилгелери да көтөрүлөт.

ЖК депутаттары Түркияга расимий иш-сары менен 25-сентябрда кетишкен. Бул сапар 28-сентябрга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG