Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Шайлоо 2011: Талапкерлер Жигиттиктик шертке кол коюшту


Президенттикке ат салышып жаткан он чакты талапкер бүгүн Бишкекте жолугуп, Жигиттик шертке кол коюшту.

Алар - Марат Султанов, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков, Темирбек Асанбеков, Роман Оморов, Акылбек Жапаров жана Сооронбай Дыйканов.

Жолугушууга катышып, бирок Жигиттик шертке кол койбогон талапкер Курманбек Осмонов бул документке талапкерлер гана эмес, шайлоо процессине катышкан бардык субъекттер кол коюшу керек деген оюн айтты.

"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, шайлоонун негизги оюнчулары аталып жаткан Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жолугушууга катышкан жок.

Жигиттик шерттин долбоору ЕККУнун жардамы менен жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан иштелип чыккан. Ал талапкерлерди бири-бирине жана өз тарапкерлерине сый мамиле жасоого үндөйт. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG