Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Шайлоого байланыштуу Жогорку Сотко 20 арыз түшкөн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сотко түшкөн 20 көзөмөл арыздын тогузу боюнча чечим чыкты. Маалыматка ылайык, арыздардын басымдуу бөлүгү кол топтоо боюнча документтердин жараксыз деп таап, аларды президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан БШКнын токтомуна байланыштуу.

24-сентябрда Биринчи Май райондук соту президенттикке аттангандар: Акбаралы Айтикеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Уланбек Сооданбеков, Токтайым Үмөталиева жана Нариман Түлеевдин арызын канааттандырган. Бул талапкерлер БШК аларды маарадан мыйзамсыз четтетти деген доо арыз менен кайрылышкан болчу. БШК бул чечимге каршы чыгып, Жогорку Сотко доо арыз жолдогон. Бул арыз качан каралары айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG