Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Сот системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин “Азаттыкка” айтымында, жумушчу топ мамлекет башчы Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Курамына Сотторду тандоо кеңеши, Соттор кеңеши жана юристтер кирет. Андан сырткары парламенттин беш фракция лидерлерине да топко кирип, иштеп берүү сунушталды.

Жумушчу топтун алгачкы жыйыны бүгүн өтөт. Ага президент катышып, топту түзүү максаты жана анын иштөө мөөнөтү туурасында түшүндүрөт деп күтүлүүдө. Нарынбаевдин айтымында, топтун мүчөлөрү биргелешип сунуштарды иштеп чыгышат. Ал мыйзамга да киргизилиши мүмкүн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG