Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Көк-Арттагы жээк бекемдөө иштери бүтпөй турат


Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндөгү дарыя жээктерин бекемдөө иштери аягына чыкпай турат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдулатип Режевалиев айтты. Анын айтымында, буга чейин өкмөт дамба курула турган 2,5 чакырым аралыктын 1,5 чакырымын бүтүргөн. Бирок калган 1 чакырымы качан бүтөөрү белгисиз. "Эгер өкмөт токулган зым менен камсыз кылып берсе, эл ашар жолу менен өзү эле жасап, бүтүрүп алганга даяр", -дейт депутат.

1998-жылдын жазында Көк-Артта суу жээкен ашып, элдин тиричилигине кыйла зыян келтирген. (RK)

XS
SM
MD
LG