Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ош: каттоосу жок мечиттер жабылат


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Ош облусундагы 722 мечиттин 177си мыйзамсыз иштеп жатат. Алар бирөөлөрдүн демөөрчүлүгү же ашар жолу менен курулуп, өз алдынча иштеп келүүдө.

Дин иштери боюнча комиссия бул мечиттер жакын арада каттоого алынбаса радикалдык маанайдагы күчтөрдүн ордосу болуп калышы мүмкүндүгүн айтууда. Облустук казыят болсо каттоосу жок 177 мечит көзөмөлдө экенин билдирди.


Каттоосу жок мечиттен кандай коркунуч бар?
Каттоодон өтпөгөндөн кийин ал жерде эч ким, эч нерсеге жооп бербейт. Андай болгондон кийин мечиттерде ар кандай деструктивдүү күчтөр өз иштерин жүргүзө бериши мүмкүн.


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаковдун “Азаттыкка” тастыкташынча, иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусундагы 722 мечиттин 177си эч кандай каттоосуз эле иш алып барып жаткандыгы аныкталган:

- Дин иштери боюнча комиссиянын уруксатын албай, айыл округ жетекчилеринин макулдугусуз, көпчүлүгү ашар ыкмасы менен, же айылдагы бир байлардын демөөрчүлүгү менен эл ар кандай мечиттерди салып алган. Мамлекет тарабынан берилген документтери жок. Имамдары кайдыгерлик менен чыгынган эмес. Же атайлап каттоодон өтүүгө аракет кылбай, өз алдынча гана иштеп келишкен. Ошол себептүү укук коргоо органдарына айтып, мечиттер 1 айдын ичинде каттоодон өтпөсө, документтерин даярдашпаса иштерин сотко чейин алып баруу керек деп сунуш берип атабыз. Болбосо жабуу керек.

Оштогу жаңы курулуп жаткан мечиттердин бири.
Узаковдун айтымында, мамлекет тарабынан каттоого алынбаган мечиттерге көзөмөл жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошол себептүү ал жердеги жамааттар радикалдашкан топторго жетеленип кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт:

- Каттоодон өтпөгөндөн кийин ал жерде эч ким, эч нерсеге жооп бербейт. Андай болгондон кийин мечиттерде ар кандай деструктивдүү күчтөр өз иштерин жүргүзө бериши мүмкүн. Элдин муктаждыгы бар деп куруп койгон менен мыйзамдын негизинде көзөмөлгө алынбаса түрдүү коркунучтарды күтүүгө болот.


Казыят каттоо маселесин олуттуу деп эсептебейт
Мамлекет дин иштерине кайдыгер мамилесин токтото элек. Ошол мыйзамсыз иштеп атат деген мечиттерди алар эми билип атышат.


Ош облустук казыяты болсо бул маселени өтө эле олуттуу кылып көтөрүп чыгууну маанилүү деп эсептебейт. Мыйзамдаштырылган эмес деген менен ошол эле 177 мечиттин имамы буга чейин деле казыят тарабынан дайындалып келген.

- Каттоодо турбаган мечиттер деле биздин көзөмөлүбүздө турат. Алар деле башка мечиттер сыяктуу иш чараларга катышып, буйруктарды аткаруудан чете калбайт. Имамдар да казыяттын эрежелери менен иш кылышат. Эми каттоо иштери жүрүп атат. Бул жагын тездетүү боюнча имамдарга тапшырма берип жатабыз.

Ал ортодо жергиликтүү талдоочулар диний жайлардагы мындай алешемдиктерди бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгы менен байланыштырууда. Серепчи Азамат Кожоевдун пикиринде, мындай көңүл коштук өсүп олтурса өлкөнүн өзүнө чоң коркунуч туулат.

- Чынын айтканда, мамлекет дин иштерине кайдыгер мамилесин токтото элек. Ошол мыйзамсыз иштеп атат деген мечиттерди алар эми билип атышат. Буга чейин эмнеге аныкташкан эмес? Бирок эми деле аларды каттоого алуу менен бийликтер мечиттерге көзөмөл кыла алышпайт. Мыйзамдуу иштеп атат, сертификаты бар деген менен мечиттерде ар бир имам өз каалаганындай ишин жүргүзүп атат. Керек болсо ал жерде кандай сөздөр айтылып атат, кандай балдар тарбияланып атат, алар тууралуу эч ким билбейт.

Маалым болгондой, буга чейин облустагы мечиттердин 30 пайыздан ашыгында атайын диний билим албаган адамдар имамдык кылып келаткандыгы сынга кабылган эле. Эми минтип бир канча мечиттин мыйзамсыз иштеп аткандыгы ашкереленгенден кийин, өлкөнүн дин тармагында да олуттуу реформаларды жасоо зарылчылыгы жаралды дегендер четтен чыгууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG