Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Жогорку Сот колдоду, Боршайкомчу?


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы, 29-сентябрь 2011-жыл.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы, 29-сентябрь 2011-жыл.

29-сентябрда Кыргызстандын Жогорку Соту БШКнын көзөмөл арызын четке кагып, жарыштан четтетилген беш талапкердин пайдасына чечим кабыл алды.

Буга жооп катары Боршайком талапкерлерди каттоодон мурда кол тамгаларын кайрадан текшерип чыгарын жарыялады. Ал арада парламентте шайлоо мөөнөтүн жылдыруу демилгелери көтөрүлдү.

Жогорку Сот беш талапкерди колдоду

Жогорку Сот жарыштан четтетилген Токтайым Үмөталиева, Нариман Түлеев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев жана Уланбек Сооданбековдун пайдасына чечим кабыл алды.

БШКнын талапкерлерди каттоодон баш тарткан токтому негизсиз болуп калганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди:

Жогорку Сот
- Соттук жараяндын жүрүшүндө Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тараптардын бардыгынын ой-пикирлерин угуп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты.

Ошону менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 24-сентябрда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Өзүңүздөр билесиздер, Жогорку Соттун чечими акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт.


Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп жатат. Бирок биз Жогорку соттун чечимин аткарып, баарын кайра текшерип чыгабыз... Т. Абдраимов
Буга чейин Кыргызстан Боршайкому "жетиштүү анык кол топтой алган эмес" деген негизде тогузга чукул талапкерди каттоодон баш тарткан.

Талапкерлер Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна кайрылып, сот 24-сентябрда талапкерлердин пайдасына өкүм чыгарган. Соттун өкүмүнө макул болбогон Боршайком өкүлдөрү Жогорку Сотко көзөмөл арыз беришкен болчу. Эми Жогорку Сотто утуп чыккан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева БШКдан талапкерлигин каттоодон өткөрүүнү талап кыларын билдирди:

- Мына, азыр чечимди кагаз түрүндө чыгарып берет. Ошону алып, биз БШКга барабыз. БШК кол коюп, бизди тил сынагына киргизиши керек. Киргизбегенге акысы жок. Ачык айтканда, керек болсо дароо каттоодон өткөрүшү керек. Анткени тил сынагынын мөөнөтү өтүп кетти. Булардын токтому жокко чыгарылгандан кийин, чоң жарышка чыгарып, талапкер деген мандат бериши керек.

Шайлоо мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Ал ортодо БШКнын чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыраган депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нариман Түлеев парламенттин бүгүнкү жыйынында Боршайкомго карата сын пикирлерин айтышты. Алар жарыштан четтетилген талапкерлердин БШК менен соттошуусу толук аяктагыча шайлоо күнүн да алдыга жылдыруу керектигин билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу
Боршайкомдун төрагасын жана анын курамын кызматтан кетирүү маселесин сунуштады:

- Боршайком тогуз талапкерге карата кылмыштык шалаакылык жасады. Бул шалаакылык да эмес. Муну ал атайын жасады. Бизден башка эч ким буга чекит коё албайт. Ооба, Туйгунаалы Абдраимовду “Ар-намыс” фракциясы шайлаган. Мен анын талапкерлигин чакырып алуу суранычы менен фракциянын лидерине кайрылдым. Мен парламентти БШКнын кемчилик кетирген мүчөлөрүн чакырып алууга үндөйм.

Боршайком тогуз талапкерге карата кылмыштык шалаакылык жасады. Бул шалаакылык да эмес. Муну ал атайын жасады... Т. Бакир уулу
Күндүн экинчи жарымында Боршайком Турсунбай Бакир улуу менен Салмоорбек Дыйкановго байланыштуу БШКнын Жогорку Сотко жолдогон көзөмөл арызын кайра кайтарып алуу, натыйжада жалпы сегиз талапкердин кол тамгаларын кайра текшерип чыгуу чечимин кабыл алды. Талапкерлер кол тамгаларды кайра текшерүүгө зарылчылык жок экендигин билдиришти.

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов дарегине айтылган сындарды четке кагып, кол тамгаларды кайра текшерүү иши ачык өтөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- Эртең чогулуп, калыстык болушу үчүн, мисалы 5 киши текшерсе, ар бирине бир эле талапкердин папкасын бөлүп берем. Бир талапкерди бир эле киши карабай, беш киши карап чыгат. Анан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырабыз, көргөзөбүз. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп жатат, бирок биз Жогорку Соттун чечимин аткарып, баарын кайра текшерип чыгабыз.

БШК төрагасы билдиргендей, эгер кайра текшерүүнүн жыйынтыгында кол тамгалар жайында болсо, мамлекеттик тил сынагынан өтчүлөр сынактан өтүп, өтүп бүткөндөрү талапкер катары катталат. Эгер кол тамгаларда кайрадан эле кемчиликтер болсо, БШК өз токтому менен талапкерлерди каттоодон кайра эле баш тартмакчы.

XS
SM
MD
LG