Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Парламент кышка даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын угат


Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн Жогорку Кеңеш 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине экономика тармактарынын даярдыгы жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Ошондой эле өкмөт үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал туурасында да айтып берет.

Жыйынга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жана бардык министрлер, тиешелүү ишканалардын жетекчилери катышат.

Мындан сырткары парламентте Сотторду тандоо кеңешинин иши тууралуу маалымат угулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG